2024-жылдын 25-26-октябрында Нукус шаарындагы Бердах атындагы Каракалпакстан мамлекеттик университетинин каракалпак филологиясы жана журналистика факультетинде ойчул акын Ажинияз Косыбай уулунун 200 жылдыгына арналган “Ажинияз – каракалпак элинин сыймыгы” аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция өттү.

Иш чарага Туркия, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринен окумуштуулар катышты. Кыргызстандан кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгуль Турдубаева катышып, “Нравственно-этические учения Ажинияз Косыбайлу в тюрской литературе” деген темада доклад жасады.

(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин доценти

Добавить комментарий