2024-жылдын 28-октябрында КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмү Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 101 жылдыгын белгиледи.

Программа расмий ачылыш жана маданий концерттик бөлүктөн турду. Алгач эки мамлекеттин гимндери ырдалды. Расмий бөлүгүндө бөлүм башчы Бурул Элебесова бөлүмдүн студенттеринин демилгеси менен уюштурулган иш-чарага катышып жаткан жалпы конокторго ыраазычыгын билдирип, түрк тили аркылуу Түркия Республикасын таанып жаткан жаш түркологдордун Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 101 жылдыгын куттуктап, бөлүмдө билим алып жаткан жалпы студенттери тууралуу маалымат берди. Андан соң КФФтин деканы Бактыбек Жайлообаев Түркия Республикасын майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө боордоштук, достук жана кызматташтыкка токтолду. Ал эми TTEÖMER мүдүрү Иляс Сүт Республиканын түптөлүшүндө түрк элинин баатырдыгын аны сактап калуудагы азыркы аракеттер, интеллигенциянын орду жөнүндө кеңири сүйлөп, түрк тилин үйрөтүп жана үйрөнүп жаткан кыргыз жарандарына ыраазычылыгын билдирүү менен бөлүмдүн мыкты окуган студенттерин Түркияга жолдомо аркылуу окуп, саякаттап келүүсү боюнча долбоор иштелип жаткандыгын айтты. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин, бөлүмдүн магистратурасынын 2-курсунун студенти Түркия Республикасынын курулушунун 101 жылдыгы тууралуу илимий баяндама жасады.

Андан соң маданий бөлүктө түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 1-курстары ЛТ-1-24 группасынын студенттери тарабынан Түркия жергесинде жана жалпы түрк дүйнөсүнө кеңири таанымал Ариф Нихат Асиянын “Bayrak/Желек” ыры жана Улуг Туранлыоглунун “Bugün/Бүгүн” аттуу ырлары көркөм окулуп көрүүчүлөрдүн купулна толуп кол чабуулар менен алкышка татыды. Аталган группа Түркия Республикасынын жүз жылдыгына атайы арналып чыгарылган, эл оозунда кеңири тараган Норм Эндердин “Parla/Гүлдөй бер” аттуу ырын хор түрүндө ырдаганда залда отургандар коштоп жатышты. Андан кийин түрк элдик бийи катышуучулардын маанайын ого бетер шаңга бөлөдү. Комуздун коштоосундагы кыргыз санат ырын аткарган 1-курсубуздун студенти Нуриза мукам үнү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми кымча бел кыздарыбыздын кыргыз бийи манера, такт, грациясы менен өзгөчөлөнүп, келген конокторду таң калдырды. Программанын соңунда кыргыз тилинен түрк тилине которулуп ырдалып жүргөн, таанымал “Адамга адам керек” аттуу эстрадалык ыры аткарылып маданий программа жыйынтыкталды.

Программага конок катары Бишкектеги ТОМЕР мүдүрү Иляс Сүт, TTEÖMERдин мугалимдери, Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин мүдүрү Корай Йылмазер, Кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин мүдүрү Мустафа Огуз жана анын жардамчысы, бөлүмдүн жалпы жамааты, студенттери  жана факультеттин окутуучулары катышышты.

(С) Бурул Элебесова – Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., доцент

Добавить комментарий