2024-жылдын 29-октябрында кыргыз филологиясы факультетинде учурда ишке ашырылып жаткан «Мамлекеттик тилдин функционалдык стилдеринин проблемалары жана аны чечүүнүн жолдору» илимий долбоорунун алкагында тегерек стол болуп өттү.
Долбоордун жетекчиси А. Медетов, факультет деканы Б.Жайлообаев, орун басары М.Жаңыбаева, илимий кызматкер, доцент А.Бешкемпирова, илимий кызматкер С. Жекшен кызы функционалдык стилдер боюнча баяндама жасашып, проблемаларды кеңири талкуулашты жана студенттердин суроолоруна жооп беришти. Жыйындын жүрүшүндө аталган маселе боюнча кеңири пикир алышуу болду.
(С) М.Жаңыбаева – декандын орун басары


