2024-жылдын 18–21-октябрында Кытай Эл Республикасынын “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында “Линьи шаарынын ачык эшик жолу” деген бир нече багыттарды камтыган ири эл аралык бизнес-форуму болуп өттү.
Форумдун олуттуу багытынын бири билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтык болду. Аталган форумга Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору Омурова Жамыйкат Орозбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фондунун жетекчиси Молдокасымов Кыяс Сатарович жана “Мурас” фондунун кызматкери Жунусова Махабат Маратовна менен биргеликте катышып келди.
Жолугушуу маалында кыргыз өкүлдөрү Линьи шаарынын экономикасы ж.б. тармактары менен кошо билим берүү жана илим чөйрөсү менен таанышышты. Эки тараптын келечектеги билим берүү багытындагы мамилелери талкууланды.
(С) Шаршенбек кызы А. – чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу






