2024-жылдын 25-октябрында — Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы улуттук китепканасында “Кыргызстанда көп тилдүү билим берүү” аттуу улуттук форумдун 3-этапы болуп өттү.
Форумдун ишине баяндамасы менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к, профессор Г.К. Осмоналиева жана кафедранын ага окутуучусу Алмерекова Нуржамал катышышты.
Форумдун негизги максаты:
- Көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролун өркүндотүү
- Кыргыз Республикасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү колдоо үчүн натыйжалуу тилдик саясатты иштеп чыгуу
- Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдары көп тилдүү билим берүү программасын пландоо жана жайылтуу боюнча жоболорду бекитүү.
Аталган иш-чарага — Кыргызстан, Россия, Белорусия, Казахстан, Монголия, Азербайжан, Узбекистан жана башка чет өлкөлүк — Филиппины, Малазия, Америка, Англия мамлекеттердин адистери баяндамалары менен онлайн форматта катышышты.
Форум ЕККУнун колдоосу менен өттү.
Форумдун аягында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды.
(С) Г.К.Осмоналиева — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды




