2024-жылдын 23-октябрында кыргыз филологиясы  факультетинин “Филология (кыргыз)” багытынын 4-курсунун студент-практиканттары,  педагогикалык практиканын жетекчиси, доцент А.Джаманкулова жана №2-орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери аталган мектепте Кара-Кыргыз автономиялуу  облусунун 100 жылдыгына карата “Жарыгы өчпөйт жакшынын” аттуу Касым Тыныстановго арналган  иш-чара өтүштү.

Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө салым кошкон инсандар (К.Тыныстанов,  И.Арабаев, И.Айдарбеков, Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков) тууралуу маалыматтарга ээ болуу менен кыргыз элинин тарыхын түшүнүшүп, өз өлкөсүн сүйүүгө, аны коргоого жана өнүгүшүнө салым кошууга тарбия алуу максатын иш-чаранын негизги максаты болду.

Иш-чарада мектеп окуучулары жана студент-практиканттар К.Тыныстановдун коомдук-саясий жана педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды толугу менен көрсөтмөлүү кылып слайд менен, ырларды көркөм окуу аркылуу чыгалдырып беришти. К.Тыныстановдун атууга кеткендиги сотун жана кайра акталгандыгы тууралуу окуяларды сахналаштырып сценка аткарышкандыгы иш-чаранын негизги идеясын ачып берди.

Касымбеков Тургун З.Бектеновдун “Касымга” деген ырын көркөм окугандыгы, соттун ролун аткаргандыгы, Каныбек кызы Нуркыздын К.Тыныстановдун жубайынын ролун аткаргандыгы, Улукбек кызы Умиданын иш-чараны жеткиликтүү алып багандыгы  иш-чаранын көркүн чыгарды.

Кыргыз филологиясынын деканы, Б.Жайлообаев, профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы Аскар кызы Ж., №2 орто мектептин директору Ч.Маразыкова, мектеп мугалимдери жана мектеп окуучулары катышышты.

(С) Аскар кызы Ж. – К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий