2024-жылдын 23-октябрында Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан “Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгынын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы” аттуу эл аралык конференция жана Махтумкулинин тандалмаларынын кыргызча котормосунун бет ачары уюштурулду.

Конференция HYATT Regency мейманканасынынын жыйындар залында фото-көргөзмө, “Түркменфильм” тарабынан Кыргызстанда тартылган “Махтумкули дүйнөнүн эс тутумунда” аттуу даректүү тасманы таанытуу менен башталды. Андан соң Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана Билим берүү жана илим министрлеринин орун басарлары, түрдүү мамлекеттердин толук жана ыйгарым укуктуу элчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кыргыз жана түркмөн интеллигенциясы жана  коомдук ишмерлери куттууктоо сөздөрүн айтып, Махтумкули таануучу, изилдөөчүлөр баяндамаларды жасашты. Иш-чараны Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Н.Голлиев ачып берип,  катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, Махтумкули Фрагинин дүйнөлүк адабий мурастардын катарындагы ордун, Түркмөнстан жетекчилиги, ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО тарабынын 2024-жылы мыкты иштер аткарылгандыгын айтып өттү. Түркмөнстан Илимдер Академиясы, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин алдындагы эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкерлери изилдөөлөрүн ортого салышты.

Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева “Литературное наследие Махтумкули как зеркало туркменской идентичности” аталышында баяндама жасады. Эскерте кетсек, Ф.Курамаева Махтумкули тууралуу жогоруда белгиленген даректүү тасманы кыргыз тилине которгон. Аны менен катар 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана И. Арабаев атындагы университети тарабынан уюштурулган улуу классик-акын, ойчул жана түркмөн адабиятынын залкары Махтумкули Фрагинин 300 –жылдыгына арналган “Чыгыш поэзиясынын классиги Махтумкули Фрагиге 300 жыл” аттуу илимий-практикалык конференцияга “Ынтымактын жарчысы Махтумкули” аттуу баяндамасы менен катыштып келген.  Баяндамалар кыргыз, орус тилдеринде жасалып, улуу түркмөн рухунун жарчысы, Жейхун менен Бахры –Хазардын булбулу, түркмөн көркөм сөз өнөрүнүн устаты, өз доорунда Орто Азия, Иран, Индия чөлкөмдөрүндө ыр дүйнөсү аркылуу пирге айлаган, бүгүнкү күндө бүткүл Түрк дүйнөсүндө, Чыгыш адабиятында жана дүйнөлүк классиктердин катарынан орун тапкан ойчул, терең мухит Магтумкулынын ырларындагы ынтымак-ырашкерлик, мекенди сүйүү тематикаларын талдап берди.

Баяндама катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды. Элчи мырза факультетте улуу ойчул, классик Махтумкули жөнүндө конок-лекция өткөрүү убадасын берип, кийинки иш –чараларга да активдүү катышып берүүгө чакырды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы. ф.и.к.доцент

Добавить комментарий