2024-жылдын 24-октябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйындын башында ИТКнын төрагасы, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Илимий-техникалык кеңештин отуруму өз ишин баштады.
Күн тартибинин биринчи маселеси болгон “Аспиранттардын/изденүүчүлөрдүн кандидаттык/докторлук темаларын жана илимий жетекчилерин/кенешчилерин бекитүү жана өзгөртүү” жөнүндө Нуржан Джумагазиева билдирүү жасады.
“Докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын жана илимий жетекчилерин бекитүү, о.э. кээ бир докторанттардын PhD диссертацияларынын темаларын өзгөртүү” жөнүндө Досалы Иманбердиев айтып берди..
Отурумдун жүрүшүндө андан сырткары:
- Илимий иш чараларды өткөрүү боюнча – жаны, жаш окумуштуулар кенешинин жобосун жаныртуу, студенттердин илимий уюмун түзүү боюнча жаңы жоболор бекитилди.
- п.и.д., профессор Нурбубу Асаналиевна Асипованын «Поликультурное образование и воспитание в Кыргызстане» (Кыргызстандагы кепмаданияттуу билим жана тарбия) аттуу илимий мектебин ачуу боюнча сунушу бир добуштан колдоо тапты.
- А.А. Асанова атындагы Менежмент жана бизнес институтунун маркетинг жана логистика билим берүү программасынын доценти Сатылганова Эльвира Шейшембековнанын “Развитие АПК Кыргызской Республики в условиях интеграционных процессов в ЕАЭС” жана доцент Исмаилова Наргиз Ризвановна менен авторлош “Стратегический торговый контроль и его роль в борьбе с угрозами терроризма в центральной Азии” аттуу монографиялары басмага сунушталды.
(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти



