“Независимая агентство аккредитации и рейтинга” (НААР) Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын алдынкы 30 мугалиминин рейтингин жарыялады. Бул «отуздукка» Ж.Баласагын атындагы КУУнун математика жана информатика институнун 4 окумуштуусу кирди. Алар: академик А.А. Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д, проф. Канетов Б.Э., аталган кафедранын доценти ф.м.и.к. Сабыканов А.А., математикалык анализ кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д., профессор Каракеев Т.Т. жана колдонмо математика жана информатика билим берүү программасынын жетекчиси, ф.м.и.д., профессордун м.а. Кененбаева Г.М.
Ар бир окумуштуунун өздүк үлүшүн төмөнкү таблицадан көрүүгө болот
- Канетов Б.Э. – 1350 балл
- Каракеев Т.Т. – 975 балл
- Кененбаева Г.М. – 875 балл
- Сабыканов А.А. – 850 балл.
Институттун окутуучуларынын бул ийгилиги менген жалпы жамаат сыймыктанат.
(С) Рахманкулов Б.З. – ф.м.и.к., доцент