2024-жылдын 18-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин жетекчилери старосталар менен биргеликте «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө зор салымын кошкон залкар инсандарыбызга зыярат кылып келишти.
Эли үчүн, жери үчүн кылычтын мизинде, найзанын учунда туруп, эрдик көрсөткөн ар бир баатырыбыз эсибизде.
Эч ким, эч нерсе унутулбайт!
(С) Максатбек кызы Ажар – жаштар уюмунун төрайымы

