Кара-Кыргыз областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 19-октябрь – социалдык кызматкерлердин кесиптик майрам күнүнө карата СГИИнин социология жана социалдык иштер кафедрасынын кураторлору жана социалдык иштер багытынын 1,2,3 жана 4-курстарынын студенттеринин чыгармачылык тобу тарабынан майрамдык иш чара уюштурулуп, социалдык иш кесибине арналган ыр саптары окулуп, дубал гезиттер чыгарылып, конкурстар жана бийлер менен коштолду.

Андан соң институттун студенттери менен окутуучулары кесиптик майрамдын алкагында Бурана тарыхый эстелик музейине жана Кегети шаркыратмасына экскурсияга барышты. КУУнун ректоратына шарт түзүп, бус унаасын бөлүп бергени үчүн студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

(С) А.Ш.Жолдошева – социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти  

Добавить комментарий