Мурда кабарлангандай, Кыргызстанда жүрүп жаткан жол оңдоо иштери Улуттук университетке да жетип, ректор Догдурбек Чонтоевдин демилгеси менен 2024-жылдын 25-сентябрь күнү башкы имарат менен №8-окуу имаратынын ортосундагы чыгыштан батышка кеткен жолду оңдоо иштери башталган.

Ремонт иштеринин жүрүшүндө тамтыгы кеткен эски асфальт сыйрылып, шагыл жаткырылып, 19-20-октябрь күндөрү аталган жолго жаңы асфальт төшөлдү.

Оңдоп калыбына келтирүү участогунун башчысы Андрей Берниковдун айтымында, эми жолдун четтери тартипке келтирилип, жарык орнотулат.

Добавить комментарий