2024-жылдын 16-17-октябрында 8-окуу имаратындагы Табалдиев атындагы илимий китепкананын “Интербилим” маалыматтык-ресурс залында китепкананын кызматкерлери үчүн Scopus, Google Академия, Elibrary – илимий электрондук китепкана жана ORCID маалымат базалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш чараны илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев ачты.

Илимий метрикалык талдоо бөлүмдүн башчысы Асель Шайылдаева менен жетектөөчү адис Жолдошали к. Үмүт Scopus, Google Академия, Elibrary жана ORCID маалымат базаларын эффективдүү колдонуу боюнча маалыматтар беришти.

Катышуучуларга о.э. маалымат базаларынын функционалдык өзгөчөлүктөрү, издөө механизмдери, публикациялардын рейтингин жогорулатуу, цитаталарды мониторинг кылуу жана ORCID профилдерин түзүү жана жаңыртуу аркылуу илимий ишмердүүлүктөрдү системалуу түрдө көрсөтүү, о.э. Google Академиядагы маалыматтарды оптималдаштыруу боюнча кеңештер берилди.

(С) Казначиева Үмүт – А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору

Добавить комментарий