2024-жылдын 14-17-октябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Россия Федерациясынын Билим сапатына мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө институту тарабынан уюштурулган математика боюнча эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын чечүүчү финалы болуп өттү.
Аталган мелдешке КУУнун математика жана информатика институтунун 4-курс студенттери Алмазбеков Марат менен Кайрыев Байжигит катышып, 3-орунга ээ болуп келишти.
2024-жылдын 23-октябрь күнү интернет-олимпиаданын байгэ ээлерин ректор Догдурбек Чонтоев кабыл алды. Ал Алмазбеков Марат менен Кайрыев Байжигитти жеңиши менен куттуктап, окуудагы ийгиликтерди каалады жана “Азаматсыңар! Ушундай ийгиликтер Улуттук университеттин даңкын чыгарып, башка студенттерге стимул болот. Силердин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымыңар ушул. Ата-энеңерге да терең ыраазычылык” деген ыраазычылык сөздөрүн айтты.
Белгилей кетсек, аталган олимпиадага Россия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменстан жана Өзбекстандан 116 жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.





