Кыргызстанда жүрүп жаткан жол оңдоо иштери Улуттук университетке да келип жетти. Ректор Догдурбек Чонтоевдин демилгеси менен 2024-жылдын 25-сентябрь күнү башкы имарат менен №8-окуу имаратынын ортосундагы чыгыштан батышка кеткен жолду оңдоо иштери башталды. Учурда экскаватордун жардамы менен эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат.
Административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахуновдун айтымында, аталган жумуш аяктаган соң, жол тегизделип, жаңы асфальт төшөлөт.



