2024-жылдын 18-октябрында педагогикалык колледждин 15 жылдыгын утурлай окуу жайды негиздеген педагогика илимдеринин доктору, профессор «И.Ч.Исамидиновду таануу» жумалыгынын алкагында студенттер арасында “И.Ч.Исамидиновдун агартуу тармагындагы орду” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө студент Жоробекова Жаңылай даярдаган искендер агайдын өмүр таржымалы камтылган видеослайд көрсөтүлүп, андан соң кезинде чогуу иштеген кесиптештери  Токтоева Кундуз, Акматова Светлана, Нааматова Эльмира, Мусагулова Айлазат, Жуматаева Чолпон, Асыранбекова Самара Искендер агай таза абийир менен кызмат өтөп, ар дайым окуу жайдын жана бирге иштеген кесиптештеринин кызыкчылыгын көздөгөн улуу инсан болгонун эскеришти.

Улай эле студенттер «Ааламга жол айылдан башталат», «Элге өтөлгөн кызмат»,   «Жакшы мугалим жакшы окуучуну жаратат»,  «Илим дүйнөсүндөгү мезгилдер» , «Тоолордон башталган кадам», «Талантливый педагог – шагнул в бессмертие» деген темаларда  баяндамаларын жазашып, колледж тарабынан ыраазычылык каттарды алышты.

() М.Т. Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы

Добавить комментарий