2024-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарындагы №9-мектеп-гимназиясында аталган кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын доценти А.Т.Джаманкулованын жетекчилиги астында практикадан өтүп жаткан КТАОМ-1-21 группасынын студент-практиканттары жана аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан кыргыз тили» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Мамлекетибизди байыркы мезгилден бери ата-бабаларыбыз сактап келгендиги, анын мамлекет катары түптөлүшү оӊой болбогондугу, узак тарыхый жолундагы курч саясий  күрөштөргө карабастан өз мамлекеттүүлүгүн жоготпой сактап калгандыгы тууралуу маалыматтарды жана ага бүт өмүрүн арнаган улуу инсандар тууралуу маалыматтарды кийинки муун сɵзсʏз билиши зарыл экендиги конференциянын негизги максаты болду.

Илимий-практикалык конференцияда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата докладдар окулду.  Кыргыз филологиясынын 5-курсунун студенти Узбекова Арина «Кылым карыткан кыргыз тили» деген аталыштагы  доклад окуду. Анда кыргыз тили кайдан келип чыккандыгы  жана кыргыз тилине кимдер, кандайча салым кошкондугу тууралуу маалыматтар айтылды.

Профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, доцент Аскар кызы Ж., доцент А.Джаманкулова,  кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Э.Акунов,  Ленин районунун билим берүү башкармалыгынын кыргыз тили боюнча адиси  Ч.Т.Ишеналиева жана Ленин райондук администрациясынын документтик камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси  С.Жекшен кызы катышып, куттуктоо сөз сүйлөшүштү.

(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманилиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий