2024-жылдын 14-октябрында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө эл аралык котормочулар күнүн улай “Юридикалык котормолордун өзгөчөлүктөрү жана кыйынчылыктары” аттуу лекция болуп өттү.

Конок –лектор катары РФ Тергөө комитетинде жана Жогорку сотунда котормочу болуп эмгектенген Сококова Айнура Аскербековна чакырылган.

Лекцияны факультеттин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, алыстан келген конокко ыраазычылык билдирүү менен лекторду жалпы студенттерге тааныштырып өттү. Өз сөзүндө котормочулук, анын түйшүгү, коомдогу орду, ролун белгилеп,  жоопкерчиликтери бийик кесипти аркалоо чоң даярдыкты, эмгекти талап кыларын айтты. Уюштуруучуларга, баяндамачы жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип сөзүн жыйынтыктады.

Россиядан келген котормочу Айнура Аскарбековна кесиптик тажрыйбасы, котормочулукка келип калыш себептерин, ошондой эле соттук жана тергөө процесстериндеги олуттуу котормолор тууралуу кеңиири баяндама жасап, котормодо эң маанилүү нерсе тактык жана тыкандык экенин белгилеп, келечектеги котормочуларга талыкпай билим алып, ар тараптуу болууга жетишүү үчүн тынымсыз изденүүнүн үстүндө болуу керектигин баса белгилеп өттү.

Лекцияны бөлүмдүн окутуучусу Асель Усупбаева уюштуруп, бөлүмдүн окутуучулары улук окут. Ф.Н. Курамаева, п.и.к., доц. Сыдыкбаева Б.Ш., PhD. Идаева А.Б.,  окут. Молдобаева А.Т., окут. Тилабердиева С.Б. жана окут. Апас к П. жана бөлүмдүн Лингвистика (Түрк тили) багытынан ЛТ-1-24, Котормо жана котормо таануу адистигинен ККТ-1-21, ККТ-1-22, ККТ-2-23, ККТ-1-24, ККТ-2-24 группаларынын студенттери катышышты.

Лекциянын жүрүшү студенттердин бүйүрүн кызыткан суроо-жооптор менен коштолуп өз максатына жетти.

Соңунда декан тарабынан ыраазычылык каты тапшырылды. Бөлүм тарабынан белек тартууланып, лектор менен мындан ары дагы кызматташуу убадасын алып,  жылуу маанайда узатылды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий