2024-жылдын 17-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана белгилүү мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына карата мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусу, өнүгүүсү жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйындын модераторлук милдетин факультет деканы Кундузгүл Базакеева аткарды.
Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылган соң, модератор сөз кезегин биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиевге берди.
Ал өз сөзүндө ар бир мамлекеттин негиздөөчүлөрү болоорун, кыргыз мамлектининин түптөлүшүнө Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу инсандар эбегейсиз салым кошконун, алар кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен бирге, мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн өздөрүнүн өмүрүн арнашканын белгилеп, алардын ичинен Иманалы Айдарбеков баштаган автономиялуу облустун администрациясы 1925-жылы Кара-Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндө чечим кабыл алганын, ошондуктан келерки 1925-жылы Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси белгиленээрин билдирди жана өткөрүлүп жаткан илимий конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Кийинки куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов чыгып сүйлөп, “Эмне үчүн ККАОнун 100 жылдык мааракеси маанилүү окуя?”, “ККАОну түптөгөн инсандар кимдер?”, “Кандайча кыргыз мамлекеттүүлүгү пайда болуп калды?” деген суроолорго жооп иретинде кенен-кесир баяндама жасап, “Кыргызстандын жери, аймагы, калкынын жоопкерчилиги буга чейин биздин милдет болуп келсе, эми ал жоопкерчилик жаштардын колунда” экенин белгиледи.
Конференциянын катышуучуларын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана белгилүү мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгы менен о.э. мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессору Издевалды Искаков менен илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев да куттукташты.
Андан кийин Урал федералдык университетинин экономика жана башкаруу институтунун алдындагы мамлекеттик башкаруу жана ишкерчилик мектебинин директорунун магистратура, аспирантура жана кошумча кесиптик билим берүү боюнча орун басары Ольга Пономарева “Управление карьерой молодежи в цифровой среде”, аталган мектептин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун теориясы, методологиясы жана укуктук камсыздоосу кафедрасынын доценти Галина Банных “Развитиие цифровых компетеницй государственных служащих: вызовы и перспективы”, СЗИУ РАНХиГС экономика кафедрасынын башчысы Олег Мисько “Философия большого евразийства в геополитическом контексте” (онлайн), УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхы бөлүмүнүн жетекчиси Аида Кубатова “Роль советской интеллигенции в становлении кыргызской государственности”, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын башкы адиси Чолпонбек Буржуев “Независимость государства начинается с границы” деген мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Тыныгуудан кийин эл аралык илимий-практикалык конференциянын иши “Основы формирования и развития кыргызской государственности”, “Проблемы политического и социально-экономического развития современного Кыргызстана”, “Роль молодежи в общественно-политической жизни Кыргызстана” деген секцияларда уланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.