2024-жылдын 16-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев башкы имараттагы кичи жыйындар залында факультет декандары, институт директорлору жана башка түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын башында ректор катышуучуларга 14-15 – октябрь күндөрү Улуттук университетте болуп өткөн Кыргыз-Орус билим берүү форуму тууралуу маалымат берип, андан ары университеттин 100 жылдыгы, КУУнун пансионаты, визалар, окуу иштери, илимий иштер, эмгек тартиби жана “КУУнун жарчысы” журналына байланышкан маселелер тууралуу кенен билдирүү жасады.

Кеңешменин жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев о.э. 16-октябрдан баштап Кабылбек кызы Бермет пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы, ал эми Токтогонов Самат физика жана электроника факультетинин деканынын м.а. болуп дайындалганын кабарлады.

Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов жана ректораттын аппарат жетекчиси Шерик уулу Дуулат катышты.

Добавить комментарий