2024-жылдын 14-октябрында педагогикалык колледждин 15 жылдыгын утурлай окуу жайды негиздеген педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч.Исамидиновду таануу жумалыгы башталды.
Планда:
- 14-октябрь күнү окутуучулар сабактарынын алдыңкы 5 минутасында И.Ч.Исамидинов тууралуу айтып беришет;
- 15-16-октябрь күндөрү 1-курстар үчүн агай жөнүндө тартылган “Жол”, “Элге өтөлгөн эмгек”, “Сен менин бүтпөй калган дастанымсың” жана “Тамыр” фильмдери көргөзүлөт;
- 18-октябрь колледждин студенттеринин арасында “И.Ч.Исамидиновдун агартуу тармагындагы орду” аталышындагы тегерек стол өткөрүлөт.
(С) Асыранбекова С.Р. – окутуучу




