Практика жана карьера борборунун кызматкерлери 2024-жылдын 9-15 – октябрь күндөрү университеттин окуу түзүмдөрүндө практиканын 2023-2024 – окуу жылындагы отчеттору, 2024-2025 – окуу жылына практиканын баардык түрлөрү боюнча планы, практикага билдирүүлөрдү жана приказды алып келүү мөөнөттөрү, окуу графиктери, о.э. быйылкы жылы киргизилген электрондук күндөлүк боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүштү.
Иш чарага институт, факультеттердин жетекчиликтери, орун басарлары, кафедра башчылары, курс менеджерлери, практика боюнча жооптуу кызматкелер жана окутуучулар катышышты.
ПКБ директору Замир Бакалбаев, башкы адиси Бегайым Нурланова, жетектөөчү адиси Айдай Напасова катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, алардын сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алуу керектигин айтышты. Замир Бакалбаев маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын өнүгүп жаткан доорунда электрондук күндөлүккө өтүүнүн зарылчылыгы келип чыккандыгын, бүт дүйнө жүзүнө белгилүү, өз өлкөсүнүн жогорку билим берүү системасынын жүзүн көрсөтүп турган университеттер алда качан эле бул системага өткөндүгүн белгилеп кетти. Ата мекендик жогорку билим берүүнүн көч башы – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети да бул системага өтүү убактысы келгендиги күмөнсүз. Себеби өнүккөн мамлекетти билимдүү жана заманбап жаштар гана кура алат.
(С) Напасова Айдай – ПКБнын жетектөөчү адиси








