Тарых жана чөлкөм таануу институтунун “Музеология, табигый жана маданий  мурастарды сактоо”  багытынын 1, 2, 3, 4 – курсунун студенттери 2024-жылдын 10-сентябрынан 4-октябрына чейин Азия маданий борбору Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте келечек муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Кыргызстандын жаштары үчүн маданият, туризм жана IT тармагында негизги көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча тренинг программасына катышышты.

Маданий ресурстарды башкаруу жана пайдалануу жаатында кийинки муундун потенциалын өнүктүрүү программасы  – ОПР долбоору, АСС Кыргыз Республикасы менен биргеликте 3-жылы өткөрүлүүдө. Долбоор теориялык жана практикадан туруп лекцияарды музей, архив кызматкерлери,  жана биздин институттун директору т.и.к., доцент Сырдыбаев Т.Т.,  т.и.д., профессор Бикбулатова А.Р. т.и.к.,  доцент Бедельбаев А. ж.б. окушту ошону менен бирге ага окутуучу Сайпидинова К.С. координатор болду. Анда кыргыз маданияты, тарыхы, туризми түшүнүгү, жаштардын Кыргызстандагы маданий ресурстардын абалын азыркы үч музейден Кыргыз Улуттук тарыхый музей, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи, Фрунзе мемориалдык үй музейинен турган консорциумдун мисалында түшүндүрүү боюнча лекциялар өтүлүп андан кийин практикалык иш-чаралардан аткарылды, анын ичинде ар кандай музей тажрыйбалары жана улуттук музей кураторлору менторлор катары карьера мүмкүнчүлүктөрүн изилдей алышты. Жыйынтыгында стунденттер активүү катышып, кичи көргөзмө уюштуруп мурастарды сактоо  маселеси боюнча мыкты презентация жасашты. Команда менен бирге тандалган музей экспонатына изилдөө жүргүзүлүп KCRMS сайтына жүктөлдү. Бир айга созулган жаштар форуму ийгиликтүү аякталып максатына жетип сертификаттар тапшырылды. Студенттер өздөрүн ар тараптуу сындай алышты жана мыкты тажрыйба алды.

(С) Сайпидинова К – археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын ага.окутуучусу

Добавить комментарий