2024-жылдын 15-июль күнү Улуттук университетке Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова келди. Сыйлуу конокту ректор Төлөбек Абдырахманов тосуп алып, болочокто “Түрк мурастары борбору” жайгашуучу 144-дарсканага чакырды.

Актоты Раимкулова аталган борбор үчүн аянтча маселеси тез арада чечилгендиги үчүн Төлөбек Абдырахмановго ыраазычылык айтып, бөлмө аябай жаккандыгын жана Борбордук Азияда алгачкы болуп ачылып жаткан “Түрк мурастары борбору” Түрк дүйнөсүнө ачылган терезе болуп калаарын билдирди. Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти о.э. өзү жетектеген уюмдун алдыдагы иш чаралары тууралуу кыскача маалымат берди.

Эскерте кетсек, Улуттук университетте “Түрк мурастары борборун” ачуу жөнүндө келишимге 2024-жылдын 20-февралында кол коюлган.

Иш чарага о.э. коомдук ишмер Аскар Айтматов, профессор Кайрат Осмоналиев, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алайбек Шамшиев ж.б. катышты.

Добавить комментарий