2024-жылдын 15-июль күнү эрте менен кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов кабыл алуу комиссиясынын техкатчылары менен жолугушту.

Сөзүнүн башында Жеңиш Бексултанов күндүн ысыгына карабай, эмгек өргүүсү учурунда иштеп берүүгө макулдугун берген кабыл алуу комиссиясынын техкатчыларына ректордун атынан чоң ыраазычылык билдирип, кабыл алуу комиссиясында иштөө – абдан жоопкерчиликтүү, факультеттер менен институттардын “кийинки бара турган жолун аныктай турган жумуш” экендигин белгиледи.

– Сиздер – өзүңүздөр иштеген түзүмдүн эле эмес, университеттин жүзүсүздөр. Азыр Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, чет өлкөлөрдөн көп кишилер келет. Алардын Улуттук университет тууралуу ой-пикири сиздер аркылуу түзүлѳт. Ошондуктан, келген кишилерди жакшы маанай менен, жылмайып тосуп алып, жакшы маалымат берип, өзүңүздөрдүн профессионалдуулугуңуздарды көрсөтсөңүздөр, – деп сөзүн улантты проректор. – “Жөжөнү күзүндө санайт” дегендей, күзүндө баарыбыз жүзүбүз жарык, ушул жерде кайра чогулуп, дүркүрөтө кол чаап, “быйылкы кабыл алуу кампаниясы абдан жакшы өттү” деп, өзүбүздүн ишибизге өзүбүз ыраазы болуп, сентябрда жумушка келебиз деген чоң ишенич бар.

Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланыштуу башка маселелер да каралды.

Добавить комментарий