2024-жылдын 20-февралында ректор Төлөбек Абдрахманов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

Ректор конокторду көрүп турганына кубанычта экенин, Улуттук университет бир катар чет элдик окуу жайлар, программалар менен иш алып баарын билдирип, Түрк  уюму менен кызматташууга үмүтү чоӊ экенин билдирди.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти меймандос мамилеси үчүн университеттин  жамаатына жана ректорго ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген уюмдун иш-чаралары жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө багытталарын, о.э. түрк  элдеринин орток маданиятын жаштар арасында жайылтуу, баалуулуктарын туюндуруу экенин билдирди. Ал о.э. Туркиядагы кыска мөөөттүү окууларга студенттерди чакырууга кызыкдар экенин белгиледи. Актоты Раимкулованын айтымында, күз айларында Бишкекекте түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. “Ошол убакытка чейин Алыкул Осмоновдун музейин түзүп, аны мамлекет башчыларга көрсөтүү негизги максат. Ал үчүн эки тараптан теӊ аракет керек. Акындын чыгармаларын чет тилдерге которуп, жайылтууда көмөк керек”, – деди Актоты Раимкулова.

Төлөбек Абдрахманов университеттин жамааты иш-чараны колдогоо даяр экенин, которуу жана чыгарманы жайылтуу иштерине жардам берээрин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы “Түрк мурастары борбору” жөнүндө келишимге кол коюшту.

Жыйынга о.э. Түрк маданияты жана мурасы фондунун долбоорлорунун жетекчиси Мирбек Карыбаев, эксперт-изилдөөчүсү Назгүл Өмүрзакова, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, инвестиция бөлүмүнүн башчысы Сонайым Каратаева, түркология жана котормо таануу белумунун башчысы Элебесова Бурул катышты.

Добавить комментарий