2024-жылдын 17-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйынга окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча пландалган орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Изат Усеновдун айтымында 1-турда Улуттук университетке жалпысынан 4 миң 459 абитуриент катталып (анын ичинде 3345 абитуриент контракттык бөлүмгө, 1114 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи. 2-орунда Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, 3-орунда Ош мамлекеттик университети, 4-орунда Кыргыз-Орус Славян университети, ал эми 5-орунда Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы.
Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 18,19,20-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.












