2024-жылдын 17-майында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин профессор-окутуучулары Низами атындагы Ташкент педагогикалык университетинин башталгыч билим берүү факультети тарабынан уюштурулган «Жаңы Өзбекстанда башталгыч билим берүүнүн көйгөйлөрү, чечимдери жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.

Конференциянын күн тартиби түрдүү секцияларды, пленардык дискуссияны камтыды.

Пленардык жыйында МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы Адылбек кызы Гулназ «Применение дидактических игр в начальной школе» деген темада баяндама жасап, активдүү катышкандыгы үчүн ТПУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Б.С.Абдуллаева сертификат тапшырды.

II секцияда МЧМПжББТ кафедрасынын доценти Н.К.Кайдиева жана ага окутуучусу С.А.Кабылова «Применение современных стратегий обучения математике в учебном процессе» деген темада баяндама жасашты.

IV секцияда МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучулары Н.Ш.Файзуллаев «Экологическое воспитание младших школьников на уроках окружающего мира», М.Е.Сейталиев «К вопросу изучения техногенного воздействия производственный деятельности человечества» деген темада баяндама жасашты.

Ушул эле кафедранын доценти А.А.Эгамбердиева жана педагогикалык колледждин окутуучусу Д.С.Жылчиева «Формирование 4к компетенций на уроках в начальной школе» деген темада баяндама жасашты.

18-май күнү И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин профессор-окутуучулары Низами атындагы Ташкент педагогикалык университетинин башталгыч билим берүү факультетинин студенттерине мастер–класс жана конок лекцияларды өтүштү. Сабактар студенттердин кызыгуусун туудуруп, онлайн өтүп берүүнү да суранып калышты.

Мастер – класс, конок лекциялар төмөнкү темаларда өтүлдү:

  • МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Адылбек кызы Гулназ, ага окутуучу Б.Ж.Назарбекова «Стратегии дифференцированного и интегрированного обучения в начальной школе» («Башталгыч мектепте дифференциалдаштырылган жана интеграцияланган окутуу стратегиялары»).
  • МЧМПжББТ кафедрасынын п.и.к., доцент Н.К.Кайдиева, ф-м.и.к., доцент А.А.Эгамбердиева «Современные стратегии обучения математике в начальной школе» («Башталгыч мектепте математиканы окутуунун заманбап стратегиялары»);
  • МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу Н.Ш.Файзуллаев «Экологическая культура младших школьников» («Кенже окуучулардын экологиялык маданияты»).
  • МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучу С.А.Кабылова «Методы формирования исследовательской компетенции у будущих учителей начальных классов» («Келечектеги башталгыч класстардын мугалимдеринин изилдөө компетенттүүлүгүн калыптандыруу ыкмалары»).
  • МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучу М.Е.Сейталиев «Формирование интереса учащихся к познанию окружающего мира в начальных классах» («Башталгыч класстарда окуучулардын курчап турган дүйнөнү билүүгө болгон кызыгуусун калыптандыруу).
  • Педагогикалык колледждин окутуучу Д.С.Жылчиева «Основы здорового образа жизни в начальной школе» («Башталгыч мектепте сергек жашоонун негиздери»).

Мастер – класс, конок лекциялар студенттердин кесипке, илимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында өтүлдү.

Мастер, лекторлор илимдин өнүгүшүнүн ар бир этаптарына токтолуу менен азыркы кездеги жаңы материалдар, алардын касиеттериндеги өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берип, мындан ары да мастер – класстарды өтүп, лекцияларды окуп берүүгө даяр экендигин айтып өтүштү жана сертификат тапшырылды

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий