2024-жылдын 22–май күнү математика жана информатика факультетинин академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын эмгек жамааты жана студенттери кафедра башчысы Бекболот Канетовдун демилгеси менен «Ата–Бейит» мемориалдык комплексине барышып, 1916-жылкы Үркүн каргашасында каза болгондорго, 1930–1937–жылдардагы репрессияга кабылгандарга, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айматовго жана 2010–жылы Апрель революциясынын баатырларына куран окушуп, эстеликтерине таазим этип, гүлдестелерди коюшту.

Жүрүш учурунда өсүп келе жаткан жаш муундар Апрель революциясынын баатырларынын арасында КУУнун эки окутуучусу: Кудайбергенов Жолдошбек жана Жумаев Мырзабек бар экендиги тууралуу кабардар болушту.

Айтылгандардын баары биздин тарых. Тарыхыбызды унутпайлы, маданиятыбызды өстүрөлү жана бул байлыктарыбызды кийинки муундар баалагандай иштерди жасайлы.

Саякат «КУУнун күнү» майрамынын алкагында жүргүзүлдү.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий