2024-жылдын 22-майында  КУУ нун алдындагы Конфуций институтунун кытай тили курсу сабактарын жыйынтыктап, башкы имараттагы кичи жыйындар залында сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш чараны Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева ачып, угуучуларга жакшы каалоо тилектери менен бирге мындан ары дагы кытай тилин тереңдетип, улантып окуусу керектигин айтып өттү.

Кытай тил курсуна баардык каалоочулар – мектеп окуучулары, университет студенттери, ишкерлер жана Бишкек шаарынын тургундары катталып, окууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Курста Кытай Эл Республикасынан келген жогоркуу квалификациялуу окутуучу-волонтерлор эмгектенишет. Быйылкы окуу семестринде курста баардык (башталгыч, орто жана жогорку) денгээлдеги топтор ачылып , жалпысынан 120 дан ашык угуучу кытай тили курсуна катталышып, 100дөн ашык угуучу курска аягына чейин келип, сынактардын баарын тапшырышып, сертификатка ээ болушту. Ошондой эле ар бир топтон эң мыкты окуудагы жетишкендиги үчүн бирден угуучуга “Алтын грамота” тапшырылды. Алтын грамота алган угуучулар кийинки окуу семестринде курска 50% арзандатуу менен окуй алышат. Кытай тили курсунун угуучулары 3,5 ай аралыгында кытай тилин мыкты даражада үйрөнө алышты деп айта алабыз.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий