2024-жылдын жай айында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институту, Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети, Мамлекеттик чыгыш музейи, РФдагы Азербайжан элчилиги, РФдагы Өзбекстан элчилиги, РФдагы Гейдар Алиев фонду, Эл аралык Түрк академиясы, «Диалог культур; философско-мировоззренческие проблемы» изилдөө тобу, Россия илимдер академиясынын МФО Россия философиялык коому биргеликте өткөргөн «Низами и Навои: Имен связующее величие» аттуу эл аралык конференциянын материалдары коллективдүү монография катары жарык көрдү.

Монография Россия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүндө биргелешип өткөрүлгөн форумдардын материалдарынын негизинде даярдалган.

Аталган коллективдүү монографияда кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Г.Жаманкулованын «Низами Гянджеви и влияние его творчества на развитие восточной литературы» аттуу көлөмдүү макаласы жарык көрдү.

(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору

Добавить комментарий