2024-жылдын 17-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кесиптик колледждин 20 жылдык мааракеси белгиленди.

Окуу жайдын жамаатын майрамы менен илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери Токтосун Султанов, “Кумтор” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Улукмырза Абакиров, КУУнун мурдагы ректору Канат Садыков, кесиптик колледждин мурдагы директору Аскар Акматов, менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкуль Керимкулова, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Мырзабек Камчыбек уулу, кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов, кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Иванов жана Самарканд мамлекеттик чет тилдер институтунун алдындагы колледждин директору Бобуржон Собиржон угли куттукташты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери Токтосун Султанов ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбекти Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгиси, кесиптик колледждин окутуучусу, э.и.к., доцент Аскар Акматовду Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, ал эми окутуучулар Чынаркүл Тумаева, Гүлкайыр Турусбекова, Махабат Бейшебаева, Асель Калдиева, Нурипа Куртубаева, Мирбек Мамбеталиев, Бектен Саадабек уулун Бишкек шаардык кеңешинин Ыраазычылык каты менен сыйлады.

Иш чара белгилүү ырчылар Аскат Мусабеков, Ырыскелди Сатыбалдиев, Кубан Аманбаев, төкмө акын Кутман Садыбакасов жана кесиптик колледждин таланттуу студенттери катышкан концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий