2024-жылдын 16-майында КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова, ага окутуучу Фаризат Курамаева жана ККТ-1-22 группасынын студенттери КРСУда уюштурулган “Түрк тили жана маданияты күнү” аттуу майрамдык иш чарага катышып келишти.

Окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетинин түркология боюнча чөлкөм таануу борбору, ТТЕОМЕР жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чара чоң жыйындар залында Түркия элчилигинин дин иштери боюнча атташесинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары жана Бишкектеги жогорку окуу жайларында түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттердин катышуучусунда болуп өттү.

Жыйында эл аралык мамилелер факультетинин деканы А.В.Куликовский, ТТЕОМЕР борборунун директору Мустафа Булут жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын башчысы Л.С.Сулайманова сөз сүйлөп, түрк тилинин орду жана түрк тилин үйрөнүүгө ынтызар студенттердин арбын экендигин баса белгилешти.

Иш чаранын жүрүшүндө музыкалык жана бий коллективтеринин аткаруусундагы номерлер тартууланып, Эбру сүрөт тартуу техникасы боюнча мастер класс, түрк кофесин даярдоо өнөрү сыяктуу маданият таанытуучу тажрыйбалар бөлүшүлдү жана Түркия боюнча видеороликтер, Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде тартылган түрк тилиндеги кино тасма көрсөтүлдү.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий