2024-жылдын 26-апрелинде кесиптик багыт берүү ишинин алкагында юридикалык колледжде мектептердин 9-класс окуучуларынын арасында «Кыргызстан тарыхы» сабагы боюнча Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган олимпиада болуп өттү.

Мелдешке 35 мектептен 250 окуучу катышты. Олимпиада эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө окуучулар берилген бир нече теманын ичинен бир теманы тандап, эссе жазышса, экинчи бөлүктө тесттик тапшырмаларды аткарышты. Иш чараны юридикалык колледждин директору Джумалиев Д.С. ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

(С) Мамбеталиев Р.Б. – директордун орун басары

Добавить комментарий