2024-жылдын 30-апрелинде өткөрүлгөн иш чаранын жүрүшүндө жашаган чөйрө менен жаратылышка аяр мамиле кылып, көздүн карегиндей сактоого байланышкан көптөгөн маселелер каралды. Студенттер экологияны кантип туура сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек деген суроого жооп издешип, видеороликтерди тартып, шаардын жашоочуларынан интервью алышып, ишембиликтерге да катышып келишти.

Жасаган аракетибиз жөн эле оозеки сөз бойдон калбасын деп, ар бири кичинекей болсо да көчөт олтургузуп, шаарды көрктөндүрүүгө катышаарын убада беришти. Иш чара максатына жетти.

(С) Юсупова Асель – котормо иши бөлүмүнүн окутуучусу

Добавить комментарий