2024-жылдын 27-апрелинде тарых жана чөлкөм таануу институту Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүүчү “Сапат” лицейи менен биргеликте «Тарых» предмети боюнча райондор аралык олимпиада өткөрдү.

Иш-чарага Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорундагы 100дон ашык мектептин 10-11-класстарынын окуучулары катышып, үч турду камтыды. Онлайн форматта болгон биринчи турда 500 окуучу катышып, экинчи турга 115 окуучу өттү.  Ал эми чечүүчү үчүнчү тур офлайн болуп, 38 окуучу катышып, институттун директору Туратбек Сырдыбаев баш болгон доценттер Рыскул Жолошев, Темирлан Чаргынов, Таалайкул Асантурова жана жаш окутуучулар менен ыктыярчылар тобу иш чараны өткөрдү.

Олимпиада эки этаптан туруп, суроолор теориялык тапшырмаларды камтыды. Окуучуларды коштоп келген мугалимдер үчүн институттун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан методикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө о.э. олимпиадага катышып жаткан 11-класстын окуучулары үчүн кесиптик багыттоо иши болуп, окутуучулар Тарых жана чөлкөм таануу институту тууралуу окуучуларга кеңири маалымат беришти.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен жогорку балл алган 10 окуучу сертификат жана сыйлыктар, ал эми алдыңкы орунду ээлеген окуучулар диплом, акчалай сыйлык жана китептер менен сыйланышты. Жеңүүүлөр о.э. институтка тапшырган шартта 100-50-25 % контракттан жеңилдетилген шарт менен окуу мүмкүнчүлүгүн утуп алышты. Олимпиаданы уюштуруу демилгеси көтөрүлгөндүгү жана кызматташтыгы үчүн эки тарап ыраазычылык кат жана белектер менен алмашышты.

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу 

Добавить комментарий