2024-жылдын 29-апрелинде КУУнун алдындагы Конфуций институтунун студенттери ОШМУ да өткөрүлгөн XXIII студенттер арасындагы “Кытай тили-достук көпүрөсү” конкурсуна катышып келишти.

Иш чарада Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Ли Баоцзие, ОшМУнун, ЖАМУнун ректорлоруу, Конфуций институттарынын кытай жана кыргыз тараптан директорлору, студенттер жана конкурстун катышуучулары болду.

Конкурс жалпы 3 этаптан турат. 1-этап студенттер кытай  тилинде өзүн-өзү тааныштыруу жана “Кытай кыялым” аттуу темада  көркөм айтуу, андан соң ар бир студент өзүнүн таланты менен бөлүшөт. Ал эми акыркы этабы кытай тили, Кытай тарыхы жана маданияты боюнча суроолорго жооп берүү. 

Ушул 3 турдан жогорку балл топтогон студент Кыргызстандын атынан дүйнөлүк конкурска жолдонмо ала алат.

Бул жолку конкурста биздин Конфуций инстиутутунун студенти Турускелдиева Саадат “Эң мыкты өнөр”, Те Алиса болсо “Оратордук чеберчилик” наамдарына ээ болуп кайтышты.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий