20 жана 26 апрель күндөрү кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүнүн студенттери Улуттук тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн ишембиликке катышты. Бул күнү «Евразиялык тазалыктын кубогу” экологиялык турнири өтүп, «Таза оюндар» аталышындагы ишембилик Ала-Арча суу сактагычында жана Панорамада өткөрүлдү. 

Иш чарага колледж мугалимдери А.Эрмекбаева,  Н.Токоева жана ИЯ-1-22, ИЯ-1-23, ИЯ-2-23, СР-1-23 группаларынын 60 студенти  катышты.  Студенттер  топторго бөлүнүп, турнирдин  ар кандай номинациядагы оюндарына активдүү катышуу менен бирге таштанды чогултушуп  дипломдорго жана чакан белектерге ээ болушту.

Турнирдин алкагында өткөрүлгөн оюндар студенттердин  жаратылышка  болгон көз карашына жана мамилесине таасир берди. Анын үстүнө өсүп келе жаткан муундун экологиялык маселелерге көӊүлүн бурдуруу маанилүү. Ошондуктан мындай иш чараларды өткөрүп, катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн «Эко Деми» фондуна ыраазычылык билдиребиз.

(С) Айдана Эрмекбаева – котормо бөлүмүнүн мугалими

Добавить комментарий