2024-жылдын 5-апрель күнү 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда азаттык үчүн окко учкан социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучусу, философ Жолдошбек Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып 5-окуу имаратынын фойесине орнотулган “Эскерүү тактасынын” жанында баатырды эскерүүгө арналган иш чара өткөрүлдү.

Эскерүү жыйынында СГИИ директору Камчыбек уулу Мырзабек, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан жана башкалар чыгып сүйлөштү.

Алар мындан 14 жыл мурда кыргыздын жалпы мекенчил жаштары катары Жолдошбек Кудайбергенов да үй-бүлөлүк режимди алмаштырыш, элибизге жаркын жашоо бериш үчүн аянтка чыгып, өз жанын аябай, курман болгондугун, “Эскерүү тактасы” баатырдын элесин унутпай жүрүш үчүн, таза коомду курууга жаштардын умтулушу үчүн жана Апрель революциясынын сабактарын эсибизде сактап жүрүш үчүн кызмат кылаарын белгилешти. 

Иш чара социалдык-гуманитардык илимдер институту тарабынан уюштурулуп, директору Камчыбек уулу Мырзабек алып барды.

Добавить комментарий