2024-жылдын 4-апрель күнү Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын Бейшебек Иманалиев  атындагы орто мектебинин 10-классында окуп жаткан окуучулар Улуттук университетке келишип, окуу жай менен таанышып, кенен маалымат алып кетишти.

Алгач алар смарт-класта болушуп, инженер-программист Жумагүл Кашкабаева класстагы техникалык жабдуулар, колдонулган технологиялар жана алардын иштөө принциптери тууралуу айтып берди.

Чоӊ жыйындар залын көрүп чыгышкан соң, окуучуларды кыргыз-кытай институтунун директору Софья  Апаева тосуп алып, №4-окуу имаратындагы аудиторияларды кыдыртып, институтка тапшыруу шарттары жана окуу процесси тууралуу толук маалымат берди.

Эске сала кетсек, аталган иш чара Билим берүү жана илим министри Догдүргүл Кендирбаеванын өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар менен региондордогу мектептердин байланышы тууралуу буйругунун негизинде ишке ашырылды. Учурда Улуттук университет региондордогу 7 мектеп менен тыгыз иштешүүдө.

Добавить комментарий