2024-жылдын 5-апрелинде ректораттын жыйындар залында Төлөбек Абдырахманов «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Кудрет Тайчабаровду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында туризмди өнүктүрүүдө биргелишип иш алып баруу, ички туризмди өнүктүрүү, өздөштүрүлбөгөн кооз жерлерди пайдалануу, чет элдик туристтерди жогорку деӊгээлде тейлөө маселелерин талкуулашты.

Кудрет Тайчабаров туризм, география, экология, айлана-чөйрөнү башкаруу жаатында Улуттук университет жогорку квалификациялуу адистерди даярдаарын белгилеп, ишеним артып кайрылып жаткандыктарын, туризмди өнүктүрүүдө маанилүү факторлордун бири – адистердин өз ишин мыкты билүүсү, келген конокторду жогорку деӊгээлде тейлөө экендигин билдирди.

Төлөбек Абдырахманов мыкты адистерди даярдоого КУУнун потенциалы жетээрин белгилеп, география, экология жана туризм факультети атайын ушул багытта билим берээрин жана чет тилдер факультетинде бир нече тилдер окутулуп, анда окуган студенттер да туристтерди тейлөөдө гид болуп иштесе болоорун белгиледи. Ректор о.э. Фонд менен иштешүүгө кубанычта экенин, бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш ордун табууга жакшы мүмкүчүлүк түзүлөөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары биргелишип иштешүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо, практикаларды, тегерек стол жана конференцияларды өткөрүүдө бир-бирине колдоо көрсөтүү, жыйынтыктап айтканда туризмди чогуу өнүктүрүүгө багытталган келишимге кол коюшту. 

Иш чарага о.э. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Рысалиев, башкы адиси Салтанат Корчуева, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеӊиш Бексултанов, административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахунов, география, экология  жана туризм  фаультетинин деканы Ырыскүл Токторова жана туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын башчысы Курманбек Нарынбек уулу катышты.

Добавить комментарий