2024-жылдын 13-январында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин ботаникалык багында жайгашкан Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Кореянын эл аралык программасынын (KOPIA) Кыргызстандагы борборунун директору Кванг Сог “Питер” Чу мырзаны жана аталган борбордун Техно-паркынын менеджери Ким Хек Санг мырзаны кабыл алды.
Жолугушууда KOPIA борборундагы 2023-жылдын жыйынтыктары жана 2024-жылга иш пландары боюнча пикир алмашуу болду. Аталган борбордун өкүлдөрү кулпунайдын Кореядан алып келинип, ботаникалык бактагы күнөсканада өстүрүлүп жаткан “Сол Хянг” сорту эксперименттен мыкты ѳтүп жатканын айтышып, далил катары вакуумдук кутучадагы кулпунайды көрсөтүштү.
Ботаникалык бактын директору Улугбек Невераев өзү жетектеген түзүмдүн демонстрациялык талаасында бүгүнкү күндѳ калемпирдин Кореядан алып келинген “Титан девас” жана “Диел менг” сорттору байкоодон өтүп, Кыргызстанга таратуу сунуштары каралып жатканын, ал эми күнөсканада өстүрүлгөн кулпунайдын “Сол Хянг” сорту жакшы көрсөткүчтөрдү берип, азыркы учурда байкоо жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Жолугушуунун соңунда Төлөбек Абдырахманов Кванг Сог “Питер” Чу жана Ким Хек Санг мырзаларга Улуттук университет менен КOPIA борборунун ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн КУУнун ыраазычылык катын тапшырды.
Белгилей кетсек, КУУнун KOPIA борбору менен кызматташуудагы максаты – биология факультетинин студенттерине Кореянын айыл чарба багытындагы технологияларын үйрөтүү.
KOPIA борбору тууралуу кыскача маалымат
KOPIA – айыл чарба технологияларын Кыргызстанда натыйжалуу колдонуп, өнөктөштөр менен донорлордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгѳ багытталган инновациялык платформа. KOPIA борборлору дүйнөнүн 23 өлкөсүндө иштейт: Азияда – 8, Африкада – 7, Латын Америкасында – 6 жана КМШда – 2.
KOPIA борбору Улуттук университетте 2021-жылдын 17-августунда ачылган.
Борбордун кызматташуу багыттары:
- мал чарбачылыгы;
- өсүмдүк өстүрүү;
- жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан үрөндөрдү өстүрүү.
Борбордун максаттары:
- заманбап агротехнологияларды киргизүү аркылуу жергиликтүү фермерлердин эмгек ѳндүрүмдүүлүгү менен кирешесин жогорулатуу;
- пилоттук долбоорлор аркылуу агротехнологияларды колдонуунун мыкты жолдорун аныктоо;
- жергиликтүү фермерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатуу боюнча узак мөөнөттүү пилоттук долбоорлордун натыйжаларын кеңири таратуу, келечектеги натыйжаларга баа берүү үчүн донорлорду чакыруу.
Борбордун учурдагы долбоорлору:
KOPIA борбору мал чарбасы, дыйканчылык жана питомниктер тармагында мамлекеттик жана илимий институттар менен тыгыз кызматташып, төмөнкүлөргө басым жасайт:
- Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн агротехнологияларды киргизүү максатында фермерлер үчүн тренингдерди өткөрүү;
- Кыргыз Республикасында малдын тукумун жакшыртуу жана малдын продуктуулугун жогорулатуу боюнча программаны иштеп чыгуу.
1-долбоор: “Кыргыз Республикасында бодо малдын асыл тукум фондун жакшыртуу үчүн биотехнологиялык ыкмаларды колдонууну кеңейтүү”
2-долбоор: “Өндүрүмдүү тоюттарды тандоо жана Кыргызстанда үрөнчүлүк участогун түзүү”
3-долбоор: “Кыргыз Республикасындагы чакан чарбалардын алма жана башка мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү технологиясын түзүү”
KOPIA борбору о.э. Технопарктын демонстрациялык зонасын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат.