2025-жылдын 14–16-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Дүйнөлүк кытай тили форуму жана Кытай тили деңгээл экзамени (HSK) боюнча глобалдык өнөктөштөр жыйыны болуп өттү.

Аталган иш-чараларга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Орто Азия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын жалгыз өкүлү катары катышып, сөз сүйлөдү. Ректор КУУ тууралуу жана университеттин жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кытай тили жана Кытай менен Кыргызстан ортосундагы билим берүү багыты абдан жакшы өнүгүү процессинде келе жатканын белгиледи.

Дүйнөлүк форумда КУУнун алдындагы Конфуций институту «2025-жылдын HSK мыкты экзамен өткөрүү пункту» наамы менен сыйланды. Сыйлыкты Кытай билим министрилигин Эл аралык тилдик кызматташтык борборунун жетекчиси ректор Д.Чонтоевге тапшырды.

Иш-чарага Кыргыз Улуттук университетинин проректору Айтахунов Бакытбек, Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Усенбаева Жылдыз, кытай тараптан директору Цзя Цзинфан катышышты.

(С) Ж.Усенбаева – Конфуций инситутунун кыргыз тараптан директору

Добавить комментарий