2025-жылдын 14-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтта 17-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек жана Искендер Исамидиновдун үй-бүлөсү катышып, студенттерди майрамы менен куттукташты. Алар өз сөздөрүндө билимге, чыгармачылыкка жана жогорку максаттарга умтулуу ар бир жаштын ийгилигинин ачкычы экенин белгилешти.

Салтанаттын жүрүшүндө Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга жигердүү катышкан студенттерге ректордун ыраазычылык каттары тапшырылды.

Майрамдык иш-чаранын негизги бөлүгүндө окууда, илимий-чыгармачылык жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн бакалавриатта окуп жаткан 6 жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 6 студентине “Искендер Исамидинов атындагы стипендия” ыйгарылды.

Стипендия ээлери:
1. Ахметова Жамиля Алмазбековна
2. Ырысбаева Байра Өскөнбаевна
3. Адылова Жасмин Базарбековна
4. Эргешова Нурпери Талантбековна
5. Кубатов Айтегин Маратбекович
6. Канатбек уулу Түгөл
7. Садырова Наргиза Улутбековна
8. Эсенханова Эмма Айбековна
9. Жакыпбекова Айназик Жумагбековна
10. Райымкулова Айша Мирлановна.

Мындан тышкары институттун 5 студенти  «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык конкурстун жеңүүчүлөрү катары таанылып, I даражадагы диплом, статуетка жана медаль менен сыйланышты.

Институттун директору Рахат Сулайманова студенттерди майрамы жана жетишкендиктери менен куттуктап, билим жолундагы тынымсыз эмгек жана чыгармачылык издөө алардын келечектеги чоң ийгиликтерине негиз болорун баса белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен уланды. Бул күн жаштардын эмгегин баалоого, алардын чыгармачыл жана интеллектуалдык дем-шыгын арттырууга багытталган маанилүү маданий жана тарбиялык иш-чара болду.

(С) Айсулуу Эгамбердиева – илимий иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий