Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча КУУнун сайтына 2023-жылдын Октябрь-Декабрь айларында жалпысынан 438 миң 331 адам кирип, Сентябрь-Ноябрга караганда өсүш 58 миң 974, ал эми Июль-Сентябрь айларына караганда 194 миң 815 адамды түздү. Бул сан соңку 5 айдын ичинде КУУнун сайтына кирүүчүлөрдүн саны дээрлик 2 эсе көбөйдү дегенди билдирет.

Белгилей кетчү нерсе – буга чейин сайтка кирүүчүлөрдүн саны боюнча өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ичинен Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 2-орунду ээлеп келген болсо, бул жолкуда ал орунга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыкты.

1. Сайтка кирүүчүлөрдүн саны (Октябрь-Декабрь, 2023):

  1. КУУ = 438 миң 331 адам
  2. КМТУ = 337 370
  3. КММА = 266 739
  4. ОшМУ = 139 189
  5. КМАУ = 14 244

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.

2. Сайттардын рейтинги (Октябрь-Декабрь, 2023):

Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)

  1. КУУ = 251 миң 947 орунда (өткөн үч айлыкта 221 миң 866 болчу)
  2. КМТУ = 266 326 (376 111)
  3. КММА = 428 244 (418 780)
  4. ОшМУ = 641 882 (708 158)
  5. КМАУ = 3 954 660 (4 788 168)

Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)

  1. КУУ = 281 орунда (өткөн үч айлыкта 231 болчу)
  2. КМТУ = 423 (1210)
  3. КММА = 661 (658)
  4. ОшМУ = 1 078 (1 243)
  5. КМАУ = 5 015 (6 440)

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайты 2 көрсөткүч боюнча өткөн жылдын июль айынан бери 1-орунду ээлеп келе жатат. Бирок, сайтка кирүүчүлөрдүн саны боюнча мурунку үч айлыкка караганда 58 миң 974 адамга өсүш болгону менен, сайттардын рейтинги боюнча биздин көрсөткүч дүйнөлүк рейтингде 30 081 бирдикке, ал эми жергиликтүү рейтинг боюнча 50 бирдикке түшүп кеткен.

Демек, биздин колдонуучулар сайттагы материалдар менен эле таанышып, комментарий жазышпайт, лайк басышпайт жана материалды бөлүшпөйт. Аталган аракеттердин баарын сайт аркылуу эле жасаса болот. Кантип?

  • Материалды соцтарматарда бөлүшүү үчүн материалдын оң-төмөн жагындагы тиешелүү тармактын топчусун басып, стандарттуу аракеттерди жасоо керек;
  • Комментарий калтыруу үчүн материалдын этек жагындагы “Окшош материалдар” деген рубрикадан кийин “Билдирүү кошуу” терезеси бар;
  • Лайк басуу бармакчасы – материалдын сол-төмөн жагында.

Эскерте кетсек, сайттын рейтинги ага кирген адамдардын саны жана – көңүл буруңуздар – алардын комментарий, лайк, бөлүшүү ж.б.у.с. аракеттери менен аныкталат.

Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!

Албетте, басма сөз кызматы Улуттук университеттин сайтынын көрсөткүчтөрүн жакшыртууга салым кошуп жатканыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирет. Бирок, жогоруда айтылгандарды эске алуу менен сайтка мындан да көбүрөөк кирип, окуу жайда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп туруңуздар. PS:

Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен «Абалың кандай, knu.kg» рубрикасынан таанышууга болот.

Добавить комментарий