Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, о.э. кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 18-декабрындагы №345-жарлыгы менен өлкөбүздүн айрым жарандарына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын арасында Кыргыз улуттук университетинин 3 кызматкери да бар:

1. “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам:

Каратаев Олжобай Кубатбекович – тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору

2. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

Сыдыкова Гулбара Бектургановна – инвестициялар боюнча проректор

3. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы:

Карыбаева Асель Сакешевна – кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун доценти

Урматтуу кесиптештер!

Улуттук университеттин ректораты, кесиптик бирлик комитети жана жалпы жамааты сиздерди мамлекеттик сыйлыгыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, сиздерге чыӊ ден соолук жана мындан аркы албан-албан ийгиликтерди каалайт!

Добавить комментарий