“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктикке” уңгужолун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жүзөөгө ашыруу жөнүндө 2026-жылдын 12-октябрындагы №327 приказынын негизинде 2026-жылдын 21-октябрында физика жана электроника факультетинин окутуучулук курамы жана студенттери үчүн семинар өткөрүлдү.
Семинарды факультет деканы Самат Токтогонов ачып приказ менен тааныштырып, профессордун баяндамасына сөз берди. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов “Улуттук салттар, баалуулуктар, нарктуулук жана таалим-тарбия” аталышында баяндама жасап, кыргыз элинин улуттук мурастары, каада-салттары, нарктуулукту, адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаш муунду тарбиялоонун мааниси тууралуу талдап айтып берди. Баяндамадан кийин кызуу талкуу жүрдү. Семинардын катышуучулары ыраазычылык билдиришти.
(С) Айдана Тыныбек кызы — факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Автордун стилистикасы жана грамматикасы толугу менен сакталды