2026-жылдын 15-октябрында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессору, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Шанхай саясий илимдер жана укук университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Борбордук Азиядагы коопсуздуктун орто мөөнөттүү болжолу жана аймактык туруктуулукту сактоодо Кытайдын өзгөрүп жаткан ролу” деген темада ачык лекция өттү.
Лекцияда тышкы басымдын өсүшү жана ички аярлуу тараптардын шартында Борбордук Азияда аймактык коопсуздукту камсыздоодо Кытай Эл Республикасынын ролунун өзгөрүшүнө талдоо жүргүзүлдү. Кытайдын катышуусунун экономикалык, институционалдык жана саясий механизмдери каралып, аймак өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөр менен тобокелчиликтер бааланды, ошондой эле 2026–2030-жылдарга карата кырдаалдын өнүгүшүнүн үч сценарийи сунушталды. Презентациянын негизги тезиси: Кытай басымдуу түрдө экономикалык катышуудан коопсуздукту камсыздоого комплекстүү катышууга өтүүдө.
Профессор Кайрат Осмоналиев “CNISCO Fellowship” программасынын алкагында Шанхай саясий илимдер жана укук университетинде 2026-2027-окуу жылынын күз-кыш семестринде сабак берүүдө.
(С) Супатаева Ж.Э. – илимий иштер боюнча директордун орун басары