Жолугушуунун жүрүшүндө Түштүк Кореялык профессор Чой Йонг-Санг мырза өзүнүн негизги иш пландары менен бөлүшүп, Улуттук университетте «IT технология жана жасалма интеллект» багытын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.
Чой Йонг-Санг мырза о.э. ар бир ишемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө КУУнун студенттери онлайн форматта Zoom аркылуу Кореянын жасалма интеллект коому тарабынан өткөрүлүүчү 2 сааттык илимий-изилдөө дарска катыша ала тургандыгын, келечекте Кореянын белгилүү компанияларында иштеп калууга зор мүмкүнчүлүк түзүлөрүн баса белгилеп кетти.
Жолугушуунун соңунда ректор Төлөбек Абдрахманов «Робототехника» багытын Улуттук университетте мыкты деңгээлге жеткирүү максатында жасаган иш-аракеттери үчүн профессор Чой Йонг-Санг мырзага ыраазычылык билдирип, ага мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлкгүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.