2023-жылдын 28-декабрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Жолдошович Мусаевдин илим жолундагы 50 жылдыгына жана 70 жаш мааракесине арналган “Академик Сыртбай Мусаев жана кыргыз тил илими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйындын модераторлук милдетин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов өзү аркалап, Сыртбай Мусаевди мааракеси менен куттуктап, жылуу пикирин билдирген соӊ, юбилярдын басып өткөн өмүр жолу, жетишкен ийгиликтери, багынткан белестери тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү.

Кыргыз филологиясы факультети тарабынан  уюштурулган иш-чарага Сыртбай Мусаевди куттуктап бир катар кадырлуу коноктор келишти. Алардын арасында Мусаевди Мусаев кылып тарбиялап өстүргөн устаттары, мурда жана азыркы убакта чогуу эмгектенген кесиптештери, шакирттери бар.

Алгачкы куттуктоо сөз  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаевге берилип,  ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди жана Сыртбай Мусаевдин шакирти катары дагы өзүнүн жеке жылуу пикирин, жакшы каалоо-тилектерин айтып өттү.

Андан соӊ юбилярды УИАнын академиктери Б.Мурзаибраимов, А.Акматалиев, Д.Кудаяровдор куттукташып, Сыртбай Мусаевдин жасаган эмгектерин баса белгилешип, мындан ары дагы чыгармачылык ийгилик жана ден-соолук каалашты.

Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Сыртбай Мусаевдин тилчи катары кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы чоӊ экенин  баса белгилеп, анын эмгекчилдиги жана адамдык асыл сапаттары тууралуу сөз кылып, бирге иштеп жүргөн учурундагы урунттуу окуялардан азын-оолак айтып өттү.

Юбилярды 70 жаш кутман курагы менен о.э. Мамлекеттик тарых музейинин  директору  Жылдыз Бакашова, УИАнын академиктери А.Жунушов, М.Кидибаев, О.Тогузаков, «Дордой Офтальмик Сервис» медициналык борборунун башкы директору А.Эшмамбетов, тaрыx илимдеринин доктору С.Кайыпов, тaрыx илимдеринин доктору Н.Эсенкуловдор куттукташты.

Андан кийин Кызыл-Ордо университетинен Ш.Бекмагамбетов, Каракалпак университетинен Ш.Абдиназимовдун видое куттуктоолору көрсөтүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Сыртбай Мусаевди Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош педагогикалык институтунун, Талас мамлекеттик университетинин, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраевалар да куттукташып, белектерин тапшырышты.

Иш-чаранынын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Сыртбай Мусаевди илим жолундагы 50 жылдык жана 70 жаш мааракеси менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, ректорат мүчөлөрү жана кыргыз филологиясы факультетинин жамааты куттукташты.

Добавить комментарий